Президент Алмазбек Атамбаев "Электр энерегетикасы жөнүндө" мыйзамга толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, электр энергиясына төлөмдү алдын ала төлөө мүмкүнчүлүгү киргизилген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.