2013-жылдын 1-февралына карата бюджеттик мекемелердин "Түндүк электр" ААКына болгон дебитордук карызы салыктарды эске албаганда 93,2 млн сомду түздү. Жыл башынан бери алардын карызы 29 млн сомго же, 45,7%га көбөйгөн. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлигинин дебитордук карызы жыл башынан бери 34,61%га өсүп, 1-февралга карата 7,4 млн сомду түзгөн.
Билим берүү жана илим министрлигинин карызы 53,27%га өсүп, карызы 4 млн сомду түзөт.
Социалдык өнүгүү министрлигинин карызы 867 миң сом, Жаштар, эмгек жана жумуш менен камсыз кылуу министрлигинин карызы 5 млн сом болуп, дебитордук карызы 76,78%га өскөн.
Андан сырткары Бишкек шаарынын муниципалдык ишканаларынын да электр энергиясына болгон карызы өскөн. Алардын ичинде "Бишкексвет" (9,8 млн сом), "Тазалык" (1,2 млн сом) жана "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын карызы 14,8 млн сомду түзөт.