"Кыргыз жигиттери" труппасын түзгөн Манатбек Эшимбековди цирктеги жумушунан мыйзамсыз кетирип атат. Бул тууралуу эл артисти Манатбек Эшимбеков өзү маалымат жыйында билдирди.
Эшимбековдун айтымында, аны жумушка чыккан жоксуң деген негиз менен кетирүүдө. "Мына биз 8 жылдан бери чет мамлекетте иштеп, кыргыз элинде да цирк маданияты жакшы өнүккөнүн даңазалап тааныштырып келебиз. 2010-жылы Монте-Карлодо өткөн дүйнөлүк цирк маданияты фестивалында 40 мамлекеттин ичинен экинчи орунду алдык. Мен чет жакта жөн гана жүргөн жокмун. Ал жакта иштегендигим тууралуу келишимдер бар. Паспортумда да визалар аларды тастыктап турат", - деди ал.
Ошондой эле коомдук ишмер Жолдошбек Токоев кыргыз циркинин абалы азыр өтө начарлап кеткенин айтат. "Цирктин директору Курмангазы Исанаев жетекчи болуп келгенден кийин жакшы деле иш жасаган жок. Монте-Карлодон экинчи орунду алып келгенде Кыргызстандын атка минерлери мына" биздин маданият ушундай өнүгүп атат" деп жарыя кылышты. Бул балдардын эмгегин баалашкан жок. Бир номерди даярдоо үчүн көп убакыт керек. Аттарды даярдоо да көп убакытты алат",- дейт ал.
Эшимбеков ошондой эле башка мамлекеттер менен келишим түзгөндү билбеген кишилер азыр цирктин жетекчилигинде отурганын айтты. "Керек болсо, алар коңшу мамлекеттерге да номерлерди алып чыгышкан жок", -деди ал.