18-февралда президент Алмазбек Атамбаев транспорт жана коммуникациялар министри Калыкбек Султановду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн түндүк жана түштүк региондорун бириктире турган альтернативдүү стратегиялык автожолду куруу маселеси талкууланды. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Президент Кыргызстандын түндүк жана түштүк региондорун бириктире турган дагы бир автожолду куруунун мааниси чоң экенин билдирди. "Биз беш жылдын аралыгында ушул жолду куруп коюшубуз керек", - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Буга чейин президент бул автотрассанын курулушунун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча тапшырма берген болчу.
Министр бул маселе боюнча ведомство азыркы учурда техника-экономикалык негиздемесин түзүү үчүн зарыл иштерди жүргүзүп жана каржы каражаттарын издеп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.
Калыкбек Султанов ошондой эле "Ош-Баткен-Исфана" автожолунун курулушун аяктоо алдында турганын белгиледи. "Аны бүтүргөн соң стратегиялык жагынан зор мааниге ээ болгон экинчи автожолдун курулушу боюнча долбоорго киришебиз. Жалал-Абад жана Нарын облустарынын тургундары мындай автотрасса алар үчүн абдан маанилүү экендигин айтышып, жолдун курулушун баштоону өтүнүп жатышат. Пайдалануудагы "Төө-Ашуу" ашуусундагы туннель күнүнө 446 автомобиль өткөрүү үчүн долбоорлонгон. Чындыгында күнүнө ашуу аркылуу 3000 транспорт өтүп жатат. Ошондуктан жол курулуштарынын шайы келбей жатат",- деди министр.
Султанов бул өзгөчө маанилүү трассанын узундугу болжол менен 450 км созулуп, курулуш иштери үч этап менен жүргүзүлөрүн айтты.