Саламаттык сактоо министрлиги радиоактивдүү делген машиналарды Японияга кайтарат

Учурда жогорку радиоактивдүү ууланууга кабылган делген үч машинаны Японияга кайтаруу маселеси чечилүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин 2012-жылы жасалган иштеринин жыйынтыгы тууралуу отчетто айтылат.

Отчетто 2012-жылы Япониядан келип аткан жүктөр гаммалык чагылуу деңгээлинде дозиметрдик текшерүүгө алынганы айтылат. Дизометрдик текшерүү учурунда алты машинадан радиациянын жогорку деңгээли аныкталган. Коркунучтуу делинген машиналар атайын жайга алынып келинип, дезактивациялык аракеттер көрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД