"Кыргыз жигиттери" труппасы 1965-жылы эле түзүлгөн. Эшимбековдор 1987-жылдан бери иштеп баштады. Алар ар кандай келишим менен иштеп, кыргыз циркинин атын чыгарган эмес. Алар өздөрүнүн чөнтөгүн гана ойлоп келишкен. Азыр цирк иштеп баштаганда аны ээлеп калууга аракет кылып атат". Бул тууралуу мамлекеттик цирктин көркөм жетекчиси Кадырбек Таджибаев бүгүн, 19-февралда, маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле цирк артисттери 40 жашка чыкканда мурдагыдай ал-күчү болбой каларын кошумчалады. "Ал чет жакта жүрүп, тапчусун таап, алчусун алып келди. Эми ал-күчтөн тайгандан кийин директорлук кызмат жеңил экен деп ага көз артып атат", - деди ал.