Аллах ыраазы болсун
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) 21-февралда Бишкек шаарынын Борбордук мечитинде Бүткүл республикалык Куран жарышын уюштурмакчы. Буга чейин муфтият тыштан келген мусулман бир-туугандарыбыздын же жергиликтүү фонддордун уюштурган Куран жарыштарыны ардактуу уюштуруучу катары гана катышып келген. Бул тууралуу муфтияттын басмасөз кызматынан Эсен Өмүралиев "ВБ"га билдирди.
Анын айтымында, өткөн жума 11-17-февраль күндөрү Бишкек менен Ош шаары жана облус казыяттарында жарыштар өткөрүлүп, жеңүүчүлөр борборго жолдомо алышкан. "Бишкек шаарынын өзүнөн – 4, Ош шаарынан – 6, Ош облусунан – 6, ЖалалАбаттан – 4, Баткенден – 6, Таластан – 1, Чүйдөн – 6, Ысык-Көлдөн – 1, Нарында – 2 катышуучу болуп, жалпысынан жарышка 36 катышуучу ат салышат", - дейт ал.
Куран жарышы эки номинацияда, кийинки утуштар менен коштолмокчу: Курандын 10 бөлүмүн (200 бет) жаттагандарга:
1-орун үчүн – 30 миң сом жана чет өлкөдөгү Куран жарышына жолдомо,
2-орунга – 20 миң сом, 3-орунга – 15 миң сом;
Куранды толук 30 бөлүмүн (600 бет) жаттагандарга:
1-орун үчүн 50 миң сом жана чет өлкөдөгү Куран жарышына жолдомо,
2-орунга – 30 миң сом, 3-орунга – 20 миң сом менен сыйланмакчы.
Калыстар тобуна Зиябидин, Анарбай, Муса, Ахмад, Шамсидин карылар жана бул иш-чарага жооптуу болгон Азирети муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев кирмекчи.