"Салык мыйзамына биз күтпөгөн жерден өзгөртүү киргизе коюшуптур. Мурдагы салык мыйзамы боюнча биздин компаниялар кирешеден 10% төлөп, анын рентабилдүүлүгү эске алынчу эмес. Азыр болсо май алып келүү үчүн айланган жалпы каражаттын 1%ын ай сайын төлөйсүңөр деп атат",- деп Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев бүгүн маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле сырттан күйүүчү май алып келүүгө жылына 1 млрд долларга чейин каражат айланарын белгиледи. "Мисал катары эгер бир айда компания бир айда 1 млн долларга товар алып келип, анан рентабилдүүлүгү 5% болсо, кирешеси 50 миң доллар болот. Андан ай сайын авансы менен кошуп төлөгөндө 10 500 доллар төлөшү керек. Жыл аягында компаниянын жалпы кирешеси 600 миң доллар болсо, кирешеден 10% төлөгөндө 120 миң доллар төлөнөт экен. Бул ишкерлерди жөн гана тоногондук. Бул чогулткан каражат кийинки жылы чогулбай калышы мүмкүн",- дейт ал.
Салык мыйзамына киргизилген жаңы өзгөртүүдөн улам беш нефтетрейдер жумушун токтотобуз деп атканын айткан Акенеев эгерде алар ишин токтотсо өлкөдө оор кырдаал түзүлүп каларын эскертти. "Мен эсептеп көрсөм "Газпром нефть Азия" компаниясынын 115 гана май куюучу жайы бар. 5 нефтетрейдердин 300дөн ашык май куючу жайы бар. Элестетип көргүлө 300дөн ашык май куюучу жай токтоп калса не болот? Кыргызстанда кайтадан баш аламандык болот. Биз айтып атабыз, мүмкүнчүлүк болсо, салыкты мурдагы мыйзам боюнча алып турса. Бул мыйзамга киргизилген өзгөртүүнү биз январдын аягында билип калдык. Биз менен эч ким кеңешкен жок. Биз азыр президентке, өкмөткө, Жогорку Кеңешке жаздык, алардан жооп болгон жок. Биз ЖМК аркылуу коомчулукка жеткирүүнү туура деп таптык", -деди ал.
Акенеев ошондой эле айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн да эки жолу салык алынып атканына кейиди. "Вагондор чек арадан өткөндө бир жолу салын алынат. Анан өкмөттүн жаңы иштеп чыккан методикасы боюнча май куюучу жайдан дагы бир жолу төлөнүп атат. Эмне себептен эки жолу төлөнүп атат өзүбүз түшүнбөйбүз. Анан калса кайсыл жакка да төлөнүп атканын билбейбиз. Бир фонд түзүлүптүр ошол жакка төлөйсүңөр деп бизди милдеттүү түрдө төлөтүп атат", -дейт ал.
"Бул көйгөдү чечүүнүн жолу майды беш сомго кымбаттатыш керек болуп калат. Бул кошумча 5 сом кайта эле элден чогултулат. Күйүүчү майды жалаң эле депутат менен министрлер албайт да, аны карапайым калк алат, туристтер алат. Беш сомго көтөрө турган болсок, анда баары көтөрүлөт",- деп сөзүн жыйынтыктады ал.