"Кумтөр" кенинин ишмердигин текшерген мамлекеттик комиссиянын корутундусун талкуулоо Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 21-февралдагы, жыйынында да улантылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, парламенттин 20-февралдагы жыйынында Жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКтын сакташын текшерген мамлекеттик комиссиянын отчету угулган.
Мамкомиссиянын төрагасы, экономика министри Темир Сариев депутаттардын көптөгөн суроолоруна жооп берген. Эл өкүлдөрү көбүнчө Кыргызстан үчүн кайсыл жылы түзүлгөн келишим пайдалуу экендиги кызыктырган. Жыйынга министрлер кабинетинин мүчөлөрү да катышкан.