Кыргызстандан чыккан арактар Африканын Кения, Танзания, Уганда мамлекеттерине экспорттолот. Бул тууралуу "АЮ" ЖЧКнын аткаруучу директору Эркин Назаров бүгүн, 21-февралда, маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди батыш мамлекеттерине чыгаруу да аркеттери көрүлүп атканын айтты. "Жакында эле биз кыргыз арактарын Германияга чыгаруу боюнча жаңы кадамдарды баштадык. ARCOR Group компаниясы аркылуу чыгат", - дейт ал.
ARCOR Group компаниясынын негиздөөчүсү Эдуард Росин да "АЮ" фирмасынын чыгарган "Виват" арагы сапаты жагынан Германиянын кардарларына жагат деген оюн билдирди.