Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ, 21-февралда, Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө КР Коргоо кеңешинин 2013-жылдын мартында өткөрүлө турган отурумунун күн тартиби талкууланды. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Атап айтсак, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо маселелери, элдин биримдигин жана улуттар ортосундагы мамилелерди чыңдоо концепциясынын долбоору, ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн реформалоо маселелери каралышы болжолдонууда.

"Быйылкы кыш Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси абдан курч экендигин көрсөттү. Андыктан биз өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жакшы ыргагыбыздан жазбашыбыз керек", -деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД