"28-январда болгон жер титирөөдөн жердин силкинүүсү Жыргалаң аймагында эң жогору болуп, 6,5 баллды түзгөн. Жер титирөө болгон күндүн эртеси эле комиссия түзүлүп, социалдык обьектерди текшердик. Өтө зыян тарткан имараттар дээрлик жокко эсе". Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитов бүгүн, 22-февралда, маалымат жыйында билдирди.
Ал ошондой эле жарандардан биринчи этап боюнча 38 арыз, экинчи этап боюнча 155 арыз, үчүнчү этап боюнча 44 арыз келип түшкөнүн кошумчалады.
"Жалпы район боюнча 5-даражада зыян тарткан 6 үй бар, 4-даражада зыян тарткан 45 үй, 3-даражадагы үйлөрдүн саны 57 жана 2 даражада зыян тарткан турак-үйлөрдүн саны 46. Бешинчи даражадагы үйлөрдө жашоого мүмкүн эмес. Бул үйлөрдү кайта салуу үчүн өкмөттөн жабыр тарткан жарандарга 200 миң сомдон каралууда. Бирок бөлүнгөн каражат үйлөрдү кайта курууга жетпейт", - деди ал.