Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөнүн кесепетинен жарандардан 683 арыз түштү

"28-январда Ысык-Көл облусунда болгон жер титирөөдөн улам үйлөрү жабыркагандыгын айтып, жарандардан бардыгы болуп 683 арыз келип түштү", - деп ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жетекчи орун басары Бакыт Сыдыков бүгүн, 22-февралда, маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле учурда 132 үй көзөмөлдө турганын, 126 үй капиталдык оңдоого муктаж болсо, 126 үй авариялык абалда турганын кошумчалады. "Коопсуз жерге көчүрүү үчүн Ак-Суу районуна 17 эскертме берилсе, Түп району боюнча 43 эскертме берилген", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД