Иса Өмүркулов карылар үйүндөгү мечиттин курулушун колдойт

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аксакалдар кеңешинен мүчөлөрү 21-февралда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов менен жолугушту. Алар Бишкек шаарынын Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндөгү бир катар көйгөйлөрдү шаар башчысына айтышты. Бул тууралуу КМДБнын басмасөз кызматы билдирди.

Мусулмандарга маалым болгондой, бул мечиттин курулушу Социалдык өнүгүү министирлигинин орун басары Эдил Байсалов кийлигишип токтоп калган. Карылар үйүнүн директору Эркингүл Абдылдаева да бул иш боюнча эскертүү алган.

"Мэр Иса Өмүркулов мечиттин курулушун колдоорун айтып, шайлоонун алдында берген убадаларын кайталап, мечиттин курулушуна өзүнүн колунан келген бардык аракеттерин жумшаарын билдирди. Ошону менен бирге аксакалдарга жогорку инстанцияларга кат жолдоп, ишти оңойлоштурууга чара көрүүлөрү керек",- деген кеңешин берди деп маалымдайт муфтияттын басмасөз кызматы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД