Төрага баш болгон депутаттар Баткен облусун кыдырууда

Төрага Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары 25-26-февралда Баткен облусунда жумушчу сапары менен болот.

Делегация курамында депутаттар Курмантай Абдиев ("Ата-Журт"), Назарали Арипов ("Республика"), Ташполот Балтабаев ("Ата-Мекен"), Жусупали Исаев (КСДП), Динара Исаева ("Ата-Журт"), Ирина Карамушкина (КСДП), Улукбек Кочкоров ("Ата-Журт"), Мурадил Мадеминов (КСДП), Чолпон Султанбекова ("Республика") бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Депутаттар 25-февраль күнү Лейлек районунда болуп, социалдык объектилер жана жол курулуштарынын абалы менен жеринен таанышты.

Парламентарийлер 26-февраль күнү Баткен районундагы социалдык объектилеринде болуп, Баткен шаарынын, Баткен жана Кадамжай райондорунун шайлоочулары менен жолугушат.

Жумушчу сапарынын алкагында депутаттар Баткенде Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынын өткөрмөкчү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД