Бүгүн, 22-февралда, президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетовду кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө президент Жогорку Кеңештин Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана пайдалануу жөнүндө, ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууларды ратификациялагандан кийин эми энергетика жана өнөр жай министрлиги бул долбоорлорду конкреттүү ишке ашыруу боюнча шымалана киришиш керек экендигин белгиледи. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Атамбаев өлкөнүн экономикаcын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылууга жакшы түрткү бере турган энергетикалык долбоорлордун стратегиялык маанисине министрдин өзгөчө көңүлүн бурду.
Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңеш "Бишкек шаарында 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата – 1 ГЭСин куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун колдоого алган. Аталган макулдашууларга Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө (2012-жылдын 19-20-сентябры) кол коюлган.