Бүгүн Азрети муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев Мамлекеттик бажы кызматынын директору Кубанычбек Кулматов менен жолугушту. Азрети муфтий Кыргызстанга сырттан келип жаткан эттердин сапаты жана кирүү тартиби тууралуу суроо берип, бул маселе мусулмандарды тынчсыздандырып жатканын билдирди. Андан сырткары жүргүнчүлөрдүн талаптарын эске алып, чек ара жана бажы пункттарда намазканаларды ачууну сунуштап, бул бөлмөлөрдүн ички жасалгасы жана туура багыттагы китептер менен камсыздоону Муфтият өз мойнуна алаар эле деди. Бажы кызматыбыздын башчысы Кубанычбек мырза Кыргызстанга сырттан кирип жаткан доңуз этинин 90% реэкспорттолорун, буйволдордуку болсо ресторандарда гана иштетилерин айтты. Эттердин дээрлик бардыгы мусулмандар үчүн маанилүү болгон халал стандарттарына жооп бербесин айтты. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басмасөз кызматы билдирди.
Намазканалар болсо азыр бир топ бажы имараттарында кызматкерлердин кайрылуулары себебинен ачылып жаткандыгын билдирген директор, буга орус, корей жана башка улуттагы кызматкерлер дагы өз каалоолору менен кайрылууларга кол коюп берип жатканын айтты. Бажы-көзөмөл бекеттеринде намазканаларды ачуу боюнча Муфтият тарабынан расмий кат келсе кызматташууга даярбыз, деп билдирди.