"Панфилов райондук акимин бир катар күчтөр иштетпей атышат. Ал шайланганына 4 ай болгонуна карабай, бир катар коррупциялык иштердин бетин ачты. Анын ордуна кызыккан күчтөр бут тосуп атат", - бул тууралуу Панфилов райондук айылдык кеңештин депутаты Сартбай Сүйналиев бүгүн, 26-февралда, маалымат жыйында билдирди.
Панфилов райондагы айылдык кеңештин депутаты Нургүл Сатаркулова Панфилов районунун акими мыйзамдуу түрдө шайланганын билдирди. "107 депутаттын 72си катышып, кворум болуп Турдубек Асыпбеков 56 депутаттын добушу менен аким болуп шайланган. Ошол күнү биз райондук кеңештин төрагасын күттүк. Ал келген жок. Анан ал жанына төрт-беш баланы алып алып, аким мыйзамсыз шайланды, туура эмес иштер жасалды деп маалымат жыйын өткөргөнүнө нааразы болуудабыз", - дейт депутат айым.