Бүгүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт

Бүгүн, 27-февралда, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактардын автожолдору тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ошондой эле 26-февралдан 28-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137чи жана 198-265-чакырымдарында, Ысык-Көл облусундагы Каракол - Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Каракулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90чу жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунушталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД