Баткен облусуна болгон эки күндүк иш сапардын алкагында төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңеш делегациясы Лейлек районунун бир катар социалдык обьектилерин кыдырып, жергиликтүү калк жана райондун активдери менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Чек ара аймактарындагы көйгөйлөргө токтолгон төрага автономдуу жолдордун жоктугуна байланыштуу кошуна мамлекеттерге көз карандылык азырынча бар экендигин белгиледи. Мындан сырткары, ичүүчү жана сугат сууларынын, электр кубатынын жетишсиздиги сындуу бир катар курч маселелер бар.
Өз кезегинде лейлектиктер Ош - Баткен - Исфана жолун реабилитациялоо боюнча долбоорду тездетип ишке ашырууну, райондун өзгөчө макамы бар айылдарынын тизмесине кошумча киргизүү максатында чек арадагы айылдарга өзгөчө макам берүү жагын караштырууну өтүнүштү. Ошону менен катар бул аймакта Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетишсиздиги дагы курч бойдон калууда. Жергиликтүү тургундар ички миграциянын өсүшү, ирригациялык системалардын, сугат суусунун жоктугу, "Таза-Суу" долбоорунун натыйжасыз ишке ашуусу, дарылоо мекемелеринин, айрым айылдарда тез жардам автоунааларынын жетишсиздиги жана дары-дармектердин баасынын өтө жогорулугу сындуу бир катар көйгөйлөрдү тизмектеп беришти. Ошондой эле лейлектиктер аймактагы 330дан ашуун майып балдар үчүн реабилитациялык борбор куруу зарылдыгын белгилешти.
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Жусупали Исаев үстүбүздөгү жылдын март айында Тажикстан аймагын айланып өтө турган Кулунду - Максат жолу салына баштарын билдирди. Ошондой эле Сүлүктү шаарындагы Кольцо айылындагы жаңы мектептин курулушу аяктайт. "2013-жылдын бюджетинде дагы башка социалдык объектилерди куруу үчүн каражат каралды", - дейт ал. Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Нурлан Баяман ушу тапта 360 чакырымга созулган Бишкек - Баткен - Исфана жолунун 100 чакырымы салынып бүткөнүн кошумчалады.