Социалдык тармак аркылуу жарнамалоо өнүгүүдө

SMM-кейстер парады иш-чарасынын уюштуруучуларынын бири Аселя Абыкеева бүгүн, 27-февралдагы, маалымат жыйында социалдык тармак аркылуу жарнамалоо өнүгүп атканын билдирди.

Ал ошондой эле жакында болуп өткөн "SMM-кейстер парады" иш-чарасына катышуу үчүн тапшырык берген мекемелердин интернет аккаунттары катышканын белгиледи. "Аларды эл аралык эксперттер баалашты. Биз муну конкурс катары эмес, жөн гана иш-чара катары уюштурдук. Бул башка мекемелердин интернет аккаунттарын жакшыртууга түрткү берет", - дейт ал.

Абыкеева өз сөзүндө "Мен , бийчи" ("Я, танцор") конкурсун уюштуруучулар өз иш-чарасын социалдык тармактар аркылуу жарнамалап, билеттер социалдык тармактар аркылуу көп сатылганын белгиледи.

Бул иш-чараны уюштуруучулардын бири Денис Бердаков SMM менен иштеген адистер бир эле убакта бир канча жерде иштей турганын айтат. "Алардын айлыгы 200 доллардан жогору бааланат. Ошондой эле түрдүү социалдык тармактарда иштерди алып баруу ар кандай бааланат", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД