Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда теле алып баруучу Назира Айтбекованы уурдап кетүү боюнча сот иши уланды.
Сотто Назира Айтбекованын адвокаты Чолпон Темирбаева "Компьтер-Пресстин" учредителин да кошумча күбө катары чакырууну сунуштады. "Супер-Инфонун" кызматкерлери бардык суроолорго толук жооп берген жок. Анан да "мен Назира Айтбекованы дарылаган психотерапевти да кошумча күбө катары суроону өтүнөм", деди адвокат.
"Супер-Инфо" гезитинин жооптуу редактору Бурул Исмаилова сурак берип жатып, тамашаторго салууда Назира Айтбекованын башына баштык кийгизип коркутуу каралбаганын айтты. "Алгач биз ырчы Аселди жана "Кеңеш" тобунун солисттерин тамашаторго салуу пландалган. Ошол учурда Назира "Аалам сырлары" программасын алып барып, депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча көзү ачыктардын да версиялары көрүүчүлөргө тартууланды. Болгону биздин журналисттер Айтбекова менен жай гана сүйлөшүп, сен бул криминалдык теманы чагылдырба деп гана айтып, теле алып баруучу жинденип баштаганда биздин журналисттер гүл көтөрүп "тамашатор" деп чыгышмак", - деди ал.