"Супер-Инфонун" кызматкеринен кримчөйрө деген эмне деп сурашты

Бүгүн, 28-февралда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда теле алып баруучу Назира Айтбекованы "Супер-Инфо" гезитинин кызматкерлери тарабынан уурдап кетүү боюнча сот иши уланды.

Сот учурунда гезиттин жооптуу редактору Бурул Исмаиловадан Бахиана Сатылганованын адвокаты "Сиз кримчөйрө дегенди кандай түшүнөсүз?" деп сурап кызыкты.

Бурул Исмаилова "кримчөйрө деген галстук тагынып жогору кызматта отурбаган, мыйзамга баш ийбеген кишилер" деп жооп берди. Бирок адвокат "Сиз аны жакшы чечмелеп берсеңиз?" деп кайта сурады.

Бүгүнкү сот ишине айыпталып аткандардын жакындары да катышууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД