Бүгүн, 28-февралда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда теле алып баруучу Назира Айтбекованы "Супер-Инфо" гезитинин кызматкерлери тарабынан уурдап кетүү боюнча сот иши уланды.
Сотто сурак берип аткан гезиттин жооптуу редактору Бурул Исмаилова журналист Бахиана Сатылгановага 2012-жылы тамашатор боюнча эки жолу эскертүү болгонун белгиледи. "2012-жылы журналист Бахиана Сатылгановага буга чейинки тамашатор боюнча да эскертүү берилген", - деди.
Назира Айтбекованын адвокаты Чолпон Темирбаева тамашаторго салынган журналисттер кайта кантип жумушка алынганын кызыкты.
Өз кезегинде Бурул Исмаилова журналисттерге моралдык колдоо көрсөтүү боюнча алар кайта жумушка алынганын айтты. "Бирок Бахиана Сатылганова жумушка алынгандан бери ден-соолугуна байланыштуу материал жаза элек", - деди ал.