Теле алып баруучу Назира Айтбекованы уурдоо боюнча сот иши 12-мартта уланат

Бүгүн, 28-февралда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда теле алып баруучу Назира Айтбекованы "Супер-Инфо" гезитинин кызматкерлери тарабынан уурдап кетүү боюнча сот иши уланды.

Назира Айтбекованын адвокаты Чолпон Темирбаева мурда тамаша торго кабылган ырчыларды да кошумча күбө катары чакырууну сунуштады. "Ырчы Жаныш Момуновду да кошумча күбө катары чакырууну өтүнөм. Алар да өздөрүнө жасалган тамашатор боюнча пикирин айтсын",- деди ал.

Сотко төрагалык кылган судья сот ишин 12-мартта улантуу чечимин кабыл алды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД