Мамлекеттик кадр кызматынын басмасөз кызматы билдиргендей, 1 500 мамлекеттик кызматкер 2012-жылдагы кирешеси тууралуу декларация тапшырышы керек болсо, алардын болгону 1 342си гана декларация тапшырган. Бул көрсөткүч пайыздык көрсөткүч менен алганда 90%ды түзөт.
Декларация тапшыргандардын 534 саясатчылар, атайын кызматтагылар – 429, жогорку административдик кызматтагылар – 93, прокуратура кызматкерлери – 20 жана административдик кызматтагылар (Финансылык чалгындоо, Салык жана Бажы кызматынын бөлүм башчылары) – 266 киши.
Эскертсек, "Декларация жөнүндөгү" мыйзамга ылайык, 2012-жылдагы кирешеси тууралуу декларацияны тапшыруу үстүбүздөгү жылдын 1-мартында аяктайт.