Кыргызстандын үч шаарында жергиликтүү кеңештердин депутаттары кайтадан шайланат. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда, "Замандаш-Современник" партиясынын борбордук аппаратынын жетекчиси Акылбек Сейитов "ВБ"га болгон маегинде билдирди.
Эскертсек, 25-ноябрда 22 шаарда анын ичинен Майлуу-Суу, Көк-Жаңгак жана Ноокатта жергиликтүү кеңешке шайлоо болгон. Шаар башчысын шайлоо эки жолу белгиленип, кворум болбогондуктан шайланбай калган.
"Мыйзам боюнча эгер шаарда эки жолу мэрди шайлоо болбой калса, аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңешти кайта шайлоо боюнча билдирме берет жана БШК жаңы шайлоолорду белгилейт", - дейт Сеитов.
Анын айтымында, шаарлардын аймактык шайлоо комиссиясы БШКга билдирүү бермейин Борбордук шайлоо комиссиясы үч шаардагы шайлоону кайта белгилей албайт.