Жазгы талаа иштерине жалпы республика боюнча 41 миң тонна май керектелет

Быйылкы жазгы талаа иштерин жүргүзүү үчүн 41 миң тонна күйүүчү май керектелет. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта, маалымат жыйында айыл-чарба министринин орун басары Дыйканбай Кенжебаев билдирди.

Ал ошондой эле буга чейин жазгы талаа иштерине керектелчү май мамлекеттик резеврден берилип келгенин айтты. "Анда аймактарга күйүүчү май жетпей калып, коррупциялык иштер болуп кетчү. Быйыл "Газпром нефть Азия" компаниясы менен сүйлөшүп, күйүүчү майды компаниянын май куюучу жайларынан алуу каралууда. Бул жерден алынган майлар башка жактарга салыштырмалуу 2 сом 40 тыйынга чейин арзан болот", - дейт ал.

Кенжебаев учурда Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы менен дыйкандарды маалында күйүүчү май менен камсыз кылуу үчүн министрликтин ортосунда келишим түзүлгөнүн билдирди. "Нефтетрейдерлер күйүүчү май тартыштыгы болбойт деп сөз беришүүдө", - деп кошумчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД