Жазгы талаа иштери үчүн дыйкандарга арзандатылган күйүүчү май берилет

Жазгы талаа иштери үчүн "Газпром нефть Азия" ЖЧКсы дыйкандарды арзандатылган күйүү май менен камсыз кылууга толугу менен даяр. Бул тууралуу "Газпром нефть Азия" ЖЧКнын рынокту жана бааны анализдөө бөлүмүнүн жетекчиси Мелис Тургунбаев бүгүн, 1-мартта, маалымат жыйында билдирди.

Ал өз сөзүндө дыйкандарга эки түрдө жеңилдетилген күйүүчү май берилерин айтты. Биринчиси - дүңүнөн сатып алуу, экинчиси - атайын карточка аркылуу сатылат. "Эгер дыйкандар 2 миң литрге чейин күйүүчү майды сатып ала турган болсо, ар бир литрине 40 тыйындан арзандатылат. Эгер 4 миң литрге чейин сатып ала турган болсо, анда литрине 80 тыйындан арзандатылат", - деди ал. Ал ошондой эле карточка менен сатуу бир гана юридикалык жактарга бериле турганын кошумчалады. "Эгер дыйкандар өзүбүз алабыз дешсе, аларга карточка берилбейт. Андыктан алар айыл өкмөтү аркылуу бизге кайрылса, аларга карточка берилет", - дейт ал.

Айыл-чарба жана мелиорация министринин орун басары Дыйканбай Кенжебаев "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын республика боюнча 7 май куюучу жайы бар экенин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД