Бүгүн, 1-мартта, "Ата Мекен" парламенттик фракциясында КР өкмөтүнүн 2003-жылдын 31-декабрындагы №835 токтому менен бекитилген "Кыргызалтын" АК, "Камеко Корпорейшн", "Камеко Голд Инк." жана "Центерра Голд Инк." компаниясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоорун кайра түзүмдөштүрүү Макулдашуусун түзүү жагдайлары маалымат иретинде каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.
Бул маселе боюнча КР Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов маалымат берди.
Анын маалыматына ылайык, "Кумтөр" алтын кени боюнча баш-аягы 8 келишим түзүлгөн. Алардын ичинен Кыргыз Республикасы үчүн эң зыяны 2003-жылдын 31-декабрында түзүлгөн келишим болгон. Анын себептери катары ошол кездеги КР Өкмөтү түзгөн келишимге тиешелүү экспертизалардын түрлөрү, анын ичинде Юстиция министрлигинин укуктук экспертизасы жүргүзүлбөгөндүгүн министр баса белгиледи. Түзүлгөн келишимдин мыйзамсыз экенин белгилеген ошол маалдагы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасынын токтому дагы эске алынбагандыгын кошумчалады.
Фракция лидери Өмүрбек Текебаев "Кумтөр" кенин реструктизациялоо боюнча түзүлгөн келишимдин кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы келген келишим экендиги боюнча 2003-2004-жылдары Жогорку Кеңеш тарабынан каралып, анын мыйзамсыздыгын белгилеген токтом кабыл алгандыгын, ошол кездеги кыргыз парламенти элдин кызыкчылыгын коргоп келгендигин билдирди. Анын негизинде Кыргызстанга өтө турган "Кумтөр" кенин иштетүүнүн мөөнөтү узартылган, жүздөгөн тонна алтын сыртка кеткен.
Талкуунун жүрүшүндө фракция депутаттары Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим экенин тастыктоодо тиешелүү документтерге кол койгон конкреттүү кызмат адамдарынын аттары аталбагандыгын, мыйзамсыз келишим экени белгиленген Жогорку Кеңештин чечимине ошол кездеги Башкы прокуратурасы дагы үн катпагандыгын белгилешти.
Маалымат иретинде каралган маселенин жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма катары жиберилмей болду.