Бүгүн саат 9-00дөн 17-00гө чейин "Кыргызстандын улуттук электр тармактар" ААКсы жогорку вольттогу 110/35/10 кВ "Беш-Терек" көмөкчордонунда оңдоо иштерин жүргүзөт. Ошол себептен Москва районуна караштуу Беш-Терек айылында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.