Мамлекеттик кызматкерлердин берген декларацияларынын чындыгы текшерилет

Мамлекеттик жогорку кызматта иштеген аткаминерлердин кирешеси тууралуу берген декларациясынын тууралыгы текшерилет. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын директору Аалы Карашев бүгүн, 4-мартта, маалымат жыйында билдирди.

Ал буга чейин берилген декларациялардын тууралыгын текшерүү оор болуп келгенин билдирди. "Буга чейин берилген маалыматтардын тууралыгын текшерүү боюнча механизм жок болчу. Декабрь айында өкмөттүн токтому менен жобо бекитилип, ведомтсволор аралык комиссияга мамлекеттик кызматкерлердин декларациясын текшерүү укугу расмий берилди. Эми мамлекеттик аткаминерлердин берген маалыматтарын текшерип чыгууга укугубуз бар", - дейт ал.

Карашев ошондой эле декларацияны тапшыруу кампаниясы 2004-жылдан бери жыл сайын өтүп келетканын белгиледи. "Алгачкы жылдары бул кампанияны өткөрүү бир топ кыйынчылыктар менен коштолгон. Азыр мамлекеттик кызматкерлер декларация тапшырууга түз карап калышты", - дейт Карашев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД