Уран Алиевдин өлүмүнө тийиштиги бар деп айыпталып аткан Азизбек Качыбековдун атасы Осмонбек Качыбеков анын баласын милиция кызматкерлери ур-токмокко алып, жасабаган кылмыш ишин моюнга алдырууга аракет кылганын бүгүн, 4-мартта, маалымат жыйында билдирди.
"Менин баламдын башына желим баштыкты кийгизип думуктуруп, аны кыйнашкан. Анысы аз келгенсип күч колдонуп сабашкан", - дейт ал.
Осмонбек Качыбековдун айтымында, тергөө иштери 2012-жылдын мартында эле бөткөнүнө карабай сот иши болбой келет. "29-сентябрга алгачкы сот отуруму белгиленген. Бирок жабыр тартты деген тарап – Уран Алиевдин айдоочусу Дилшат Сайдуллаев менен анын аялы Айсалкын Алиеванын сотко келбей атышынан улам 17 жолу жылдырылды. Менин баламдын ден-соолугу күндөн-күнгө начарлап баратат. Ал кант диабетине чалдыгыптыр. Учурда канттин деңгээли 17% экен. Эгер менин балам өлүп калса, ага ким жооп берет?", - деп көзүнө жаш алды.
Ал эми адвокат Александр Типеров тергөө иштери одоно мыйзам бузуу менен өткөнүн айтат. "Азизбек Качыбековду кармоо учурунда курал колдонушкан. Аны ийинге атышкан", - дейт ал.
Осмонбек Качыбеков бардык тийиштүү жерге кайрылганын, бирок андан эч майнап чыкпаганын айтат. Президентке, депутаттарга, Башкы прокуратурага кайрылды. Алардан эч майнап чыккан жок. "Акыры аргасыздан журналисттерге кайрылып атам", -деп көзүнө жаш алып, күнөөсүз баласын сабап, аны кордогон милиция кызматкерлери да жоопко тартылышы керек деди.