10 жылда үй айланасындагы жерди менчиктештирүүдө мыйзам бузуу көп болгон

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн, 4-мартта, үй айланасындагы жерлерди коомдук байлык катары эсептөөгө арналган парламенттик угууда ал өзү депутат болуп турганда бул маселени бир канча жолу көтөргөнүн билдирди.

"Бизге да оңой болгон эмес, ошол убакта биз да шаардык бийлик жана башка түзүмдөр тарабынан көп тоскоолдуктарга туш болгонбуз. Акыркы 10 жылда көптөгөн мыйзам бузууларга жол берилгендиктен аларды чечүү керек. Азыр биз бир-бирибизди айыптагандын ордуна көйгөйлөрдү чечүү керек", - дейт Сарпашев.

Жогорку Кеңештеги экономика жана фискалдык саясат комитетинин башчысы Карганбек Самаков Жер кодексин кабыл алууда шашылбай туруу болмоктугун белгиледи.

"Жаңы мыйзам долбоорун буга чейин кабыл алынган менен тууралоо керек болчу. Өкмөт жакшы болсун деген, бирок кайтадан эле мурдагыдай болуп калды. Депутаттык комиссия түзүүдө да бул нерсени эске алабыз",- деп кошулчалады ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД