Мэр экопосттон түшкөн каражаттын 20%ын жергиликтүү бюджетке берүүнү суранды

Балыкчы шаарынын мэри Мирбек Бообеков шаардык экологиялык посттон түшкөн каражаттын 20%ын жергиликтүү бюджетке берүүнү суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-мартта, журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев да колдоого алган.

"Учурда өкмөт бул маселени чечүүдө. Биз бул каражатты шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жумшайлы деп ниеттенүүдөбүз. Өзгөчө жолдорду оңдоого жумшалат", - дейт ал.

Мэр экологиялык посттон жылына 15 млн сом чогуларын белгиледи.

Эскертсек, экологиялык посттон чогулган каражаттын 100%ы "Ысык-Көл" биосфералык аймак дирекциясына түшөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД