Кечээ түнү болгон шамалдан улам Бишкектин бир катар конуштарында жарык жок

4-февралда болгон жамгырдын жана шамалдын кесепетинен борбордо "Ново Западная", "Парковая", "Орок" көмөкчордондорунан тараган 6-10 кВ аба электр берүү чубалгыларында бүлүнүүлөр болду. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Жааган жаандын жана шамалдын кесепетинен учурда шаардын четиндеги Орок айылынын бир бөлүгүндө, Көк-Жар, Аска-Таш конуштарынын бир бөлүгүнүн электр энергиясы үзгүлтүккө учурады. "Түндүк электр" ААКнын адистери аталган аймактарда бүлүнүүлөрдү калыбына келтирүү менен алек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД