Эртең, 5-мартта, саат 10-00дөн 17-00гө чейин Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө, Чоң-Таш, Төмөнкү Ала Арча, Восток айылдарында, ошондой эле саат 11-00 дөн 15-00 гө чейин борбордун чыгыш тарабындагы Ак-Тилек, Дордой конуштарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.
Аталган аймактарда "Кыргызстандын улуттук электр тармактар" ААКсы жана "Түндүк электр" ААКсы жогорку вольттогу "Карагачёвая", "25 лет Кыргызстана" көмөкчордондорунда, ошондой эле "Орто-Алыш", "Нур" көмөкчордондорунан тараган 6 /10 кВ электр зымдарын оңдошот.