Чогуу кызмат өтөгөн шеригин аткан чек арачылардын командирине жазапул салынды

Ысык-Көл облусундагы "Эчкили-Таш" чек ара бекетиндеги жеке курамдын тарбия иштери боюнча жетекчиси Тимур Асаналиевге жазапул салынды.

Эскертсек, аталган чек ара бекетинен Кулбарат уулу Балбай ал жерде кызмат өтөгөн 5 кишини атып салган.

Балыкчы гарнизондук аскер сотунун маалыматына ылайык, Асаналиевге сот кылмыш кодексинин "Шалаакылык мамиле" беренеси боюнча жазапул салып, аскерди колго түшүрүү учурунда курал колдонулганы боюнча "Кызмат абылан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча актаган. Ошондой эле жазапул "Эчкили-Таш" чек ара бекетинин командирине да салынган.

Эскертсек, өткөн жылдын 20-августунда "Эчкили-Таш" чекара тосотунда аскер беш кишини атып салган. Андан соң ал аскер бөлүгүнөн Калашников автоматын алып качып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД