Премьер сот системасынын кызматкерлеринин айлыгы жогоруларына сөз берди

"Жылдын экинчи жарымынан баштап сот системасынын кызматкерлеринин айлыгын көтөрүү каралган. Өкмөт сот имараттары бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бериши керектиги боюнча бардык чараларды көрөт",- деп премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Сот реформасы боюнча кеңештин 4-марттагы жыйынында билдирди.

"Соттор тарабынан чыгарылган адилетсиз чечимдер, прокуратуранын жана тергөө органдарынын жетиштүү жеңгээлде иштебеши, тилекке каршы, калкты канааттандырбай келет. Турмуш көргөзүп аткандай сот жана укук коргоо органдарынын чыгарган адилет өкүмдөрүнөн үмүтү үзүлүп, жарандар Жогорку Кеңешке жана президентке кайрылууга аргасыз болушууда. Сот бийлигине болгон ишеничтин кетиши түздөн-түз жарандардын мамлекеттик институтка болгон ишеничтин кетишине таасир берет", -деп өкмөт башчы билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД