УКМКнын антикоррупциялык кызматы Жети-Өгүз райондук сотунун төрагасы жана Жети-Өгүз райондук загстын жетекчиси кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз түрдө алимент алып бергенге көмөктөшкөн. Шектенип жаткандар жубайлар экени маалымдалат. Бул тууралуу Генералдык прокуратуранын расмий сайтында кабарланган.
22-февралда УКМКнын иликтөө башкармалыгы "Митаамчылык", "Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Мамлекеттик документ, сыйлык, штамп, печать жана бланкатарды жасоо, сатуу жана колдонуу" беренелери боюнча иш козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.