Чыныбай Турсунбеков: Оштогу митинг – "Ата-Журттун" саясый заказы

"Ош менен Ысык-Көлдөгү митингдер "Ата-Журттун" жана бийликти басып алууну каалагандардын саясый заказы", -деп бүгүн, 5-мартта, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди.

Эскертсек, бүгүн "Ата-Журт" партиясынын тарапкерлери Ош жана Ысык-Көлдө митинг өткөрүп, камакка алынган депутаттар – Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотууну, ошондой эле "Кумтөр" менен түзүлгөн келишимди бузууну талап кылышмакчы.

"Эгер биз мыйзам жолунда барабыз десек, атажуртчулар боюнча сот чечимин күтүшүбүз керек. Андан сырткары митинг өткөрүүгө уруксат да алынган эмес, бул мыйзамсыз", - деди Турсунбеков.

Ал ошондой эле митинг атайын заказ кылынганын, анын артында бир гана "Ата-Журт" партиясы эмес, бийликти күч менен басып алууга аракет кылган күчтөр турганын кошумчалады. "Ташиев, Жапаров жана Мамытовду коргоо – бул өлкөдөгү абалды туруксуздандырууга болгон шылтоо. Алар бардык ыкмаларды колдонууга даяр жана анын үстүндө катуу иштеп атат", - деп социал-демократтардын лидери билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД