Караколдун мэри митингге чыккан атажурттун тарапкерлери 50дөй экенин айтты

Каракол шаарынын Жеңиш паркында "Ата-Журт" партиясынын 30-50дөй тарапкери чогулду. Бул тууралуу Каракал шаарынын мэри Ишенбек Өмүрканов бүгүн, 5-мартта, билдирди.

Анын айтымында, буга чейин митингге 600дөй киши катышат деп маалымдалган. Бирок азырынча эл анчейин чогула элек. Коомдук тартипти милиция кызматкерлери камсыз кылууда.

Маалым болгондой, митингди уюштуруучулардын бири Садыр Жапаровдун бир тууганы Сабыр.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД