Күйүүчү майдын көлөмүнүн азайышы бажы төлөмдөрүнүн аткарылбай калуусун шарттайт

Азыркы учурда бажы төлөмдөрүнүн түшүү божомолунун аткарылбай калуусунун негизги коркунучтарынын бири болуп бажы биримдигинин мүчөсү болгон мамлекеттердин, анын ичинде Казакстандын чек арасында өткөрүү көзөмөлүнүн күчөтүлүшүнө байланыштуу негизги товарлардын импорттоо көлөмүнүн азайышы саналат. Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта, Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Мурат Жакыпбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал ошондой эле бажы төлөмдөрүн чогултуу планы аткарылбай калуусуна "Дордой" базарынан экспорттоо менен иштеген Казакстандагы экономикалык операторлордун жумушунун токтошу, импорттолгон күйүүчү май каражаттарынын көлөмүнүн азайышы да терс таасир бериши мүмкүндүгүн айтты.

"Кытай менен чектеш Тажикстан, Өзбекстан жана Ооганстан сыяктуу мамлекеттерге ташылган транзиттик жүктөрдүн көлөмүнүн өсүшү да бажы төлөмдөрүнүн чогулбай калышына терс таасир берет. Андан сырткары бажы төлөмдөрүнөн бошотулган (гуманитардык жардам, кредиттер, гранттар – vb.kg) импорттун көлөмүнүн өсүшү менен Кытайдын бир тараптуу мамлекеттик чек араны жаап коюшу да таасир берет",- дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД