Быйыл бажы кызматы болжол менен 37 миллиардан ашык сом жыйнайт

"Бажы төлөмдөрүнүн 2013-жылы түшүүсү боюнча бюджеттин болжонгон киреше бөлүгү 37 млрд 270 млн сом өлчөмүндө болот деп аныкталды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 7,2 млрд сомго көп". Бул тууралуу бүгүн, 5-мартта, Мамлекеттик салык кызматынын төрага орун басары Мурат Жакыпбаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, импортко салынган кошумча нарк салыгынан 22 млрд 728,8 млн сом, импортка салынган акциздик салыктан 2 млрд 654 млн сом, эларалык соодага болгон салыктан 11 млрд 018,1 млн сом жана бажылык алымдар үчүн 869,2 млн сом чогулат.

Жакыпбеков ошондой эле март айында бажы төлөмүнөн күтүлүп аткан каражаттын суммасын да айтты. "2013-жылдын мартына карата Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджетке түшө турган бажы төлөмдөрүнүн божомолу 2 млрд 870 млн сом", - деди ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД