Ысык-Ата районунда айдоочу машинаны башкара албай каналга кулап түштү. Бул тууралуу Чүй ИИББнын басмасөз кызматы билдирди.
Жол көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлеринин айтымында, "Опел Франтеро" үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу 19 жаштагы Кант шаарынын тургуну Бишкек-Торугарт жолунун 22 чакырымында, тактап айтканда Дмитриевка айылында жол кырсыгына кабылган. Жогорку ылдамдыкта келе жаткан машина башкаруудан чыгып, каналга кулап түшкөн.
Катталган жол кырсыгынан машинанын ичиндеги жүргүнчү Буденовка айлынын 28 жаштагы тургуну оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Учурда жол кырсыгы иликтенүүдө.