Бүгүн, 6-мартта, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардагы унаа жолдору тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.
Чүй аймагында бүгүн абанын температурасы 17... 22градуска чейин жылыса, Талас облусунда 15...20 градус болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарда түнкүсүн 2…7 градус жылуу болсо, күндүн 16…21ге чейин жылуу болот.
Баткен облусунда түнкүсүн 1…6 градус жылуу, күндүзү 15…20 жылуу болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсү -3…+2 болсо, күндүзү 4…9 болот.
Нарын облусунда түнкүсүн нөлдөн төмөн болот -4…-9, күндүзү 2…7 жылуу болору күтүлөт.