Кыргызстандык атка минерлер Европадан профессионалдык тренингден өтөт

TEMPUS программасынын алкагында Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын тренерлери Испания, Словакия жана Литвадан окуп келет. Жалпысынан 600дөй мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер профессионалдык тренингден өтүшөт.

Андан сырткары, академияда билим алган мамлекеттик кызматкерлерге Франциянын административдик улуттук мектебинен да орундар бөлүнгөн. Ал жерде үйрөтүүчү программалар менен онлайн-курстар биргеликте иштелип чыгат.

"Мамлекеттик кызматкерлер үчүн уюштурулуп аткан көчмө жыйын өзгөчө методика менен түзүлгөн", - деп академиянын ректору Чингиз Шамшиев "ВБ"га билдирди. – Өзгөчө сүйлүшүү методикасы колдонулат. Негизги басым коммуникацияга, чечендик маданиятына жасалууда. Анткени жогорку рангдагы аткаминер эл менен иштейт да. Интервью берет, ошол учурда ал өз оюн толук айтып берүүсү керек. Саясый маркетинг - окутуунун аспектилеринин бири болуп саналат".

Эскертсек, президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясы менен Франциянын административдик улуттук мектебинин ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД