Каракол шаарынын мэри Ишенбек Өмүрканов өз ыктыяры менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазды. Бул тууралуу Ысык-Көл областык администрациясындагы жеке булактан бүгүн, 6-мартта, "ВБ"га белгилүү болду.
Булактын берген маалыматына ылайык, буга чейин шаардык кеңештин депутаттары Өмүркановго ишенбөөчүлүк көргөзүшкөн. Бүгүнтөн баштап шаар башчысынын милдетин Көлбай Карасартов аткарууда.
Эскертсек, Өмүрканов "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү. Ал эми Каракол шаардык кеңештин төрагасы "Республика" партиясынын өкүлү.