Жогорку Кеңештин бүгүнкү 6-марттагы жыйынында маданият, маалыматтык саясат жана туризм министрлигине Султан Раевдин талапкерлиги каралууда. Ал "Ата Мекен" фракциясы тарабынан сунушталууда.
Султан Раев Роза Отунбаева өткөөл мезгилде президент болуп дайындалган соң, маданият маселелери боюнча анын кеңешчиси болгон.
Эл өкүлдөрү Раевдин талапкерлигин кароо учурунда ал мекеме башчысы болгондон кийин кандай чараларды көрө тургандыгына кызыкты. КСДП фракциясынын депутаты Исмаил Исаков өсүп келе жаткан муундун маданий деңгээлин көтөрүү үчүн эмне кылаарына кызыкты.
Ошондой эле бир катар депутаттар андан эгер ал министр болуп дайындалып кала турган болсо Токмок шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан Бурана тарыхый эстелигин оңдоого жана Чыңгыз Айтматовдун музейин курууну пландайсызбы деп сурашты.