Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 6-марттагы, жыйынында депутаттар Султан Раевдин талапкерлигин маданият, маалыматтык саясат жана туризм министрлигине бир добуштан жактырды. Аны колдоп 94 депутат добуш берди.
Султан Раев Роза Отунбаева өткөөл мезгилде президент болуп дайындалган соң, маданият маселелери боюнча анын кеңешчиси болгон.